Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Иркутскта эмгектенип, окуп жаткан мекендештер менен жолугушуп, ислам дининин асыл баалуулуктарын айтып берди

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Россия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында Иркутск облусунун мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын муфтийи “Байкал муфтияты” Фарит ажы Мингалеев менен жолукту.

Эки тараптуу жолугушууда буга чейинки кызматташуудагы жетишкендиктер, ийгиликтер талкууланып, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы бул алаканы мындан ары бекемдөөгө даяр экендигин балдирди.

Андан соң Ош шаарынын казысы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин  Иркутск шаарындагы өкүлчүлүгүнө барып, мекендештерден кабар алды.

Ушул эле күнү Убайдулла ажы Сарыбаев Иркутскта эмгектенип, окуп жаткан мекендештер менен жолугушуп, үй-бүлө баалуулугу, балдардын тарбиясы, энени сыйлоо, терс диний агымдардан оолак болуу темаларында баяндама жасады.

“Кайсыл гана мамлекет болбосун ал өлкөнүн мыйзамдарын так сактап, кыргыз элин үлгүлүү кылып көрсөтөлү! Диний тараптан көйгөйлөр болсо, расмий Дин Башкармалыктарына кайрылып, туура жоопту алыңыздар. Эң оболуу ыйманды бекемдеп, адеп-ахлакты оңдойлу”,-деди Ош шаарынын казысы.

Ал эми жолугушууну уюштуруучусу КМДБнын Россиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Байкал муфтиятына жана жалпы мекендештерге ыраазычылыгын билдирди.