Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы өлкө аймагындагы диний окуу жайларды текшерип, алардын ал-абалдары менен жеринде таанышууда

КР Диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын диний билим берүүнү сапатын жакшыртуу талаптарын ишке ашыруу планын алкагында  Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмү Аалымдар Кеңешинин окуу жайлар жана мечит иштери боюнча комитети  менен биргеликте өлкө аймагындагы диний окуу жайларды текшерип, алардын ал-абалдары менен жеринде таанышууда.

Текшерүү комиссиясы Бишкек шаарындагы, Чүй, Талас облусундагы  диний окуу жайлардын иштөөсү менен жеринде таанышып, окуу программалары, класстык журналдары, окуу жадыбалын, китепкана жана аш-каналарын текшерүү менен диний окуу жайлардын окуу сапатына, техникалык абалына баа беришүүдө.

«Диний билим берүү мекемелеринде Ханафий мазхабы жана Матуридий ишенимин тереңдетип окутуу менен жалпы билим берүүчү сабактардын окутулуусу бүгүнкү күндүн талабы болууда»,-деди Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдиваси ажы Матраимов.

Ал эми КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов мамлекет диний окуу жайларынын билим берүү программаларынын мазмунуна укуктук маданияттын, жарандык иденттүүлүгүн, диний түрдүүлүктүн жана диний сабырдуулуктун негиздерин, жашоонун светтик жана диний бейнелеринин шайкеш эриш-аркак болушунун баалуулуктарын киргизүүнү кубаттай тургандыгын билдирди.

«Текшерүүнүн башкы максаты КР Диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын диний билим берүүнү сапатын жакшыртуу талаптарын ишке ашыруу планын алкагында  өлкө аймагындагы диний окуу жайлардын абалдарын жеринде көрүп,  диний билим берүүчү окуу жайлар үчүн окуу пландарын жана зарыл болгон иш пландарын даярдап берип, көзөмөлдөө аркылуу келечектеги билими терең, адеби жогору, коом менен жуурулуша алган, алардын көйгөйүн түшүнүү менен жөндөмдүү кадрларды даярдоо»,-деди КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.

Муну менен катар Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдиваси ажы Матраимов диний билим берүү мекемелеринин окуу программаларына керектүү жалпы билим берүүчү сабактарды киргизүүнү сунуштады.