Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев БТК төрагасы Бакыт ажы Нурдинов менен биргеликте пайдубалы түптөлүп жаткан казыяттан кабар алышты

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев КМДБнын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов менен  биргеликте пайдубалы түптөлүп жаткан казыяттан  кабар алышты.

Облустун казысы имаратка керектелүүчү бардык материалдар демөөрчүлөр тарабынан алынып,  казыятты заманбап салуу аракети көрүлүп  жаткандыгын айтты.

«Облусубуздагы казыяттын имаратын заманбап салып, кызматкерлерге бардык шарттарды түзүп берүү аракети көрүлүүдө. Учурда демөөрчүлөр тарабынан бардык курулуш материалдары үзгүлтүксүз алынып, иш кызуу жүрүүдө»,-деди облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев.

Муну менен катар ал облустагы диний кырдаал боюнча маалымат берип, дин кызматкерлери менен биргеликте калк арасында түщүндүрүү жана агартуу иштери улантылып жаткандыгын кошумчалады.