Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров Исфанадагы имамдар менен жолугушуп, бир катар тапшырмаларды берди

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров Исфана шаарынын борбордук мечитинде Лейлек районунун жалпы  мечит имамдары жана  дин  кызматкерлери  менен жолугушуп, имамга Кудайын алдында, элдин алдында өтө чоң жоопкерчиликтүү милдет жүктөлгөнүн эскертти.

Муну менен катар облус казысы казыят кызматкерлери менен биргеликте элдин биримдигин бекемдөө, улуттар аралык ынтымакты арттыруу, мечиттерди мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүү, жаңы курулуп жаткан мечиттердин документ иштерин карап чыгуу, жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жаатында маселелер боюнча иштөө керектигин билдирди. 

«Имамдар менен жолугушууда диний жааттагы иш-чараларды өткөрүүдө казыят менен макулдашып, атайын пландык негизде уюштуруу чечимин кабыл алынды. Муну менен катар азанды өз убагында айтуу жана мечит, медреселерди кышка даярдоо тапшырмасы берилди»,-деди облус казысы.