Мирланбек ажы Токтомушев: «Илимдин тамыры ачуу, мөмөсү таттуу»

Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушев Туран муниципалдык аймагында жайгашкан «Умму Мухаммад» Куран жаттатуу балдар медресесинин студенттери менен жолугушуп, аларды илим алууда сабырдуу болууга чакырды. 


«Куран жаттоодо ар кандай кыйынчылыктар болушу мүмкүн, балким эс тутумуң начар, тамгаларга тил келбей (Махраж чыкпай), тажвид эрежелеринде же болбосо үйдө эрке бала болгондуктан, үйдү сагынуу мүмкүн. Ар кимге ар кандай кыйынчылыктар келгенде сабырдуу болуу керек. Ошондой эле алма быш, оозума түш дегендей оңой нерсе жок. Ар дайым аракет кылгыла, умтулгула! Анткени, ийгиликтин сыры- бул аракет.  Ошондуктан илимдин тамыры ачуу, мөмөсү таттуу болот»,- деди Мирланбек ажы Токтомушев