Ырысбек менен Элсина үйлөнүү тоюна сарпталуучу акча каражатына 110 балага бирдей мектеп формасын тиктирип беришти

Жалал-Абад облусунун  Ноокен районунун тургундары Ырысбек менен Элсина үйлөнүү тоюна сарпталуучу акча каражатына  110 балага бирдей мектеп формасын тиктиришип, өз колдору менен  тапшырышты. Саамалыкка күбө болгон  Ноокен районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков жаш үй-бүлөгө ыраазычылыгын билдирип, бул көрүнүш башкалар үчүн үлгү экендигин билдирди.

«Жаш жубайлар мындай кадам менен ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөөнү максат кылышкан. Бул демилгени Ырысбекке атасы сунуштаган. Жаштар макул болуп, тойго сарпталуучу акчага 110 мектеп формасын тиктирүүнү колго алган»,-деди баш имам хатиб.

Ал эми үй ээси Ырысбек Каныбек уулу үлпөт тоюнда бардык каада-салт, үрп-адаттар эске алынып, тойду кайрымдуулук кылуу менен өткөрүү чечимин кабыл алышкандыгын билдирди.

 «Элсина экөөбүз ата-энем демилгелеген сунушту четке какпай, колдоону эп көрдүк. Бир нече сааттык оюн-күлкүгө орун бербей, ата-энемдин, туугандарымдын ак батасын алдым. Максатыбыз Жараткан Алла Тааланын ыраазычылыгына ээ болуп, бактылуу өмүр сүрүү»,- деди Ырысбек Каныбек уулу.

Ал эми Элсина ысырапкерчиликти токтотуу ар кимдин өзүнүн жоопкерчилигинде экендигин айтып, аз да болсо кайрымдуулук кылуу Жаратканга жага турган иш экендигин билдирди.

«Биз жолдошум экөөбүз кичинекей окуучулардын кубанычына ортоктош болууну тандадык. Биз мектеп формасын белек кылган мектепте жолдошум экөөбүз тең билим алган элек. Ушул көз ирмемдер бизди кубанычка бөлөйт», — дейт Элсина.