Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган дин аалымдары «Жаштар ассамблеясына Кыргызстанда 20 жыл» аттуу майрамдык салтанатка катышты

Бишкекте «Жаштар ассамблеясына Кыргызстанда 20 жыл» аттуу майрамдык салтанат өтүп, ага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган дин  аалымдар катышты.

Майрамдык салтанаттын алкагында Азирети Муфтий Замир кары Ракиев жаштар ассамблеясы өлкөбүздө 20 жыл аралыгында бир топ социалдык объектилерди, мечиттерди жана ФАПтарды курууга жетишкендигин айтып, жалпы мусулмандардын атынан ыраазычылыгын билдирди.