Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров Сүлүктүдөгү карылар үйүнө барды

Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров Сүлүктүдөгү жалпы типтеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекемесинезыярат кылды. Облус казысы  кадырман карыяларды эстеп, өзгөчө көңүл буруу гана эмес, турмуштун эң оор сыноосунан өтүп, жашоонун тажрыйбасына тунган ата-апаларыбызга таазим кылуу, ыраазычылык билдирүү жана жүрөктөгү жылуу сөздөрдү дайыма айтып туруубуз зарыл.

« «Карынын кебин капка сал»,  «Карысы бардын – ырысы бар», «Жаш келсе – ишке, кары келсе – ашка»,- деп бекеринен айтылбаса керек. Сиздерге бекем ден соолук, бактылуулук жана Жараткандан эки дүйнөнүн бактысын тилейм»,-деди облус казысы.