Бишкекте 11 мамлекеттин катышуусунда «Куран жазы» Эл аралык Куран жарышы башталды

Бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаарындагы имам Сарахсий атындагы башкы мечитте Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы «Куран жазы» аттуу Эл аралык Куран жарышын өткөрүүдө.

Иш-чарага Азирети Муфтий Замир кары Ракиев жана калыстар тобунун курамында Түркия, Йемен, Катар мамлекеттеринен келген Салех Ахмед Салех, Абдуссалам Мукбил Ал-мажиди, Халид Дервишоглу жана Кыргызстандан Анарбай кары Курбанбеков, Асылбек кары Таштемировдор катышууда.

Куран жарыштын расмий ачылышы саат 10:30да башталып, ага КМШ өлкөлөрүнөн чакырылган карылар катышууда. Жарыш башталаар алдында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Эл аралык Куран жарышы сынагы Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жатканын белгилеп, мындан ары жыл сайын өтө турганын билдирди.

«Куран жарышын буга чейин республикалык деңгээлде өткөрүп келчүбүз. Эл аралык деңгээлде биринчи жолу өткөрүп жатабыз. Жалпы Кыргызстан менен чогуу 11 мамлекеттен келген карылар сынакка катышып жатат. Мындай эл аралык сынакты жыл сайын өткөрүп, дүйнөлүк деңгээлге жеткирели деген тилегибиз бар. Ар кайсы мамлекеттен келген катышуучулардын катары дагы көбөйө берсин«,-деди Замир кары Ракиев.

«Куран жазы» аттуу Эл аралык Куран жарышы бүгүн саат 16:20 жыйынтыкталат.