Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Куран жарышына калыстык кылуу үчүн Түркия, Йемен, Катар мамлекеттеринен келген меймандарды кабыл алды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Түркия, Йемен, Катар мамлекеттеринен келген меймандарды кабыл алды. Жолугушууда Азирети Муфтий  «Куран жазы» аттуу Эл аралык Куран жарышын өткөрүүдөгү даярдыктар боюнча кабар берип, жогорку деңгээлде өткөрүүгө бардык аракеттер көрүлүп жаткандыгын маалымдады.

Муну менен катар тараптар кызматташуу жаатында пикир алышып, мамлекеттер ортосундагы достук, туугандык алаканы бекемдөө керектигин сүйлөшүштү.

««Куран жазы» аттуу эл аралык Куран жарышы Бишкек шаарындагы имам Сарахсий атындагы башкы мечитте КМШ өлкөлөрүнөн чакырылган карылар арасында Куранды жатка окуу боюнча өтөт. Учурда даярдыктар аягына чыгып калды»,-деди Азирети Муфтий.

Андан соң Азирети Муфтий Замир кары Ракиев имам Сарахсий атындагы башкы мечитке бардык даярдыктар менен жеринде таанышып, уюштуруу тобуна ийгиликтерди каалады.