Ноокат районундагы дин кызматкерлерине жыйын өтүп, анда каттоодон өтө элек мечиттердин ишин тездетүү маселеси каралды

Ош облусунун Ноокат районунда дин кызматкерлердин катышуусунда кышка даярдыкты күчөтүү, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу жана инвентаризацияны бүткөрүү маселелери талкууланды. Жыйынга Ноокат районунун баш имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев, райондук администрациянын аппарат жетекчи Назирбай Нышанбай уулу, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана имамдар катышты.

«Мечиттерибиз кышкыга толук кандуу даяр болушу керек. Эрте отун, көмүр менен камсыздап алалы. Кышында мечитибизге келген жарандарга шарттарды түзүп берели», – деди баш имам хатиб.

Муну менен катар жыйында шайлоо алдындагы үгүт иштерине аралашпоо, эсептик каттоодон өтө элек мечиттердин ишин тездетүү жана жашы жете электерге нике кыйбоо маселелелери дагы каралды.