Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев Көлмө конушундагы «Султан кызы Мариям» мечитинин курулуш иштери менен таанышып, окуу процессинен кабар алды

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев казыяттын эмгек жамааты менен биргеликте Көлмө конушунда жайгашкан «Султан кызы Мариям» мечитинин курулуш иштери менен таанышып, окуу процессинен  кабар алды.

Муну менен бирге медресенин окутуучулары жана студенттери менен жолугушуп, окуу программасы менен таанышты. 

«Мугалимди урматтоо, илим орундарында адептүүлүктү жана оор басырыктуулукту сактоо зарыл. Бул тууралуу Алланын элчиси (ага Алланын саламы салаваты болсун) минтип айткан: «Илим үйрөнгүлө, олуттуу жана оор басырыктуу болууну үйрөнгүлө! Илим үйрөнүп жаткан адамга жөнөкөй болгула! (өзүңөрдү төмөн алгыла) Аалымдардын текеберинен болбогула»-деди шаар казысы.

Муну менен катар окуучуларга түзүлгөн шарттар менен таанышып, медресе студенттерин терең билим алууга жана ар дайым окутуучуларын сыйлоого үндөдү.