Аравандагы дин кызматкерлерине жыйын өтүп, анда мечиттердин жылуулугу, тазалыгы жана шайлоо алдындагы үгүт иштерине аралашпоо маселелери каралды

Ош облусунун Араван районунун борбордук мечитинде райондогу  жалпы дин кызматкерлеринин катышуусунда  жыйын өтүп, анда мечиттердин жылуулугу, тазалыгы жана шайлоо алдындагы үгүт иштерине аралашпоо боюнча жыйын өттү.  

«Азирети Муфтий тарабынан дин кызматкерлери шайлоо алкагындагы үгүт иштерине аралашпасын деген атайын буйрук келген. Буга байланыштуу мыйзамдар да бар. Ошондуктан эч кандай үгүт иштерине аралашпаңыздар. Үгүт иштерине аралашуу жоопкерчиликке тартылууга жеткириши мүмкүн», – деди Алибек ажы Жусупов.

Муну менен катар мечиттердин тазалыгына көңүл бурууга чакырып, жарандар үчүн жакшы шарттарды түзүү керектигин баса белгиледи.