Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев калаадагы «Рауда» окуу борборунун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев калаадагы «Рауда» окуу борборунун ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып,  борбордун окуу планы жана Ханафий мазхабы жана Матуридий акыйдасы боюнча студенттерге өтүлгөн сабактарга көңүл бурду. 

Шаар казысы «Рауда» окуу борборунун иш аракеттерине баасын берип, билим алуу үчүн түзүлгөн шарттар жакшы экендигин билдирди.

«Бала тарбиясына кайдыгер болбогула!  Жаштардын адеп-ахлагын эң мыкты деңгээлге чыгаруу үчүн Куран окууну жана ага амал кылууну үйрөтүү зарыл. Мейли, балдарыбыз эртең мугалим, врач, укук коргоочу же башка кесиптин ээси болсун, бирок жүрөгүндө Курандын нуру болсун. Анткени эң мыкты кулк-мүнөз ээси болгон Пайгамбарыбыз (с.а.в) Куранды өз жашоосунда көрсөтүп кеткен»- деди шаар казысы.