Таластагы имамдар Куран, Ханафий мазхабы, акыйда, фыкх боюнча билим алышууда

Таласта имамдардын квалификациясын жогорулатуу максатында атайын сабактар облустук казыят тарабынан уюштурула баштады. Алгач, Талас районунун имамдары өздөрүнүн билимдерин жогорулатышып, Куран, Ханафий мазхабы, акыйда, фыкх  боюнча тереңдеп окушту.

Облус казысы мындан кийин окуу курстары уюштурулуп, дин кызматкерлеринин квалификациялык билими жогорулатылаарын билдирди.

«Билим, өнүгүүнүн башаты. Бул окуу курсу 5 ай окутулуп, атайын экзамен тапшырышат. Андан кийин сертификат берилет.«Ыйык Курани Карим: «Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен»,- деп башталат. Алла Таала инсандарды  билимдүү болууга чакырат. Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ): «Албетте, мен мугалим болуп жиберилдим»,-деп айткан. Инсан билим алуу аркылуу көптөгөн ийгигиликтерди багындырып, ошол эле учурда билим адамдын жан дүйнөсүн кеңейтет»,-деди облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев.

Дин кызматкерлерине уюштурулган окуу курсунда казыят кызматкерлери, Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары  Кенжетай ажы Курманкожоев баштаган дин аалымдары сабак өтүштү.