Ош шаарында «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды

Кечээ, 4-ноябрь күнү Ош шаарында «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды. Иш-чарага КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров, ДИМКнын директорунун орун басары Гүлназ Исаева, КР ДИМКнын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, эксперттер, дин кызматкерлери жана ар кандай конфессиянын өкүлдөрү катышты.

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев мыйзам долбоорун иштеп чыккан коллегиялык курамга ыраазычылык билдирди.

«Динибиз башка диндерге урмат кылууга чакырат. Башка диндегилер же эч кандай дин тутпагандар да исламга урмат, сый менен мамиле кылышы керек деп ойлойм. Башка диндерге өтүп кеткен айрым замандаштарды жерге жашырууда көйгөйлөр чыгып келет. Ошондой кырдаалда ислам динин тутунуучуларын жек көрүлгөн тарап катары көрсөткүсү келгендер көбөйөт. Ушундай жагдайда жергиликтүү мамлекеттик органдар да аралашып, эч кимдин ишенимине шек келбегендей кылып чечим кабыл алууга көмөк көрсөтүшү керек»,–деди облус казысы.

Ал эми КР ДИМК директору Тойгонбай Абдыкаров бул жаатта бардык тараптын кызыкчылыгын коргоо керектигин билдирди.

«Биз азыр сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун талкуу этабындабыз. Эртең кабыл алынып калса баарыбыз анын алкагында иш алып барабыз. Ошондуктан азыр сунуш, сын-пикир айтыңыздар», – деди ал.

Абдыкаров аталган мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгени тууралуу маалымат берип, ар бир пункт эксперттер тарабынан презентация кылынды.

Эскерте кетсек, талкуу КР ДИМК тарабынан уюштурулду.