КМДБнын түзүмүндөгү облустук жана шаардык казылар жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчёт тапшырышты

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында 7 облус, 2 шаардын казысы 2021-жылдын январь айынан ноябрга чейин аткарган ишмердүүлүгү боюнча жылды жыйынтыктаган отчётторун тапшырышты.

Отчёттук жыйынга Азирети Муфтий Замир кары Ракиев, Азирети Муфтийдин орун басарлары Жоробай ажы Шергазыев, Абибилла ажы Кадырбердиев, КМДБнын Аппарат жетекчиси Азамат Исмаилов, КМДБнын бөлүм башчылары жана облустук жана шаардык казылар катышты.

Жыйында облус казылары:

1.            КМДБ тарабынан чыгарылган буйруктардын аткарылышы;

2.            Казыят тарабынан өткөрүлгөн иш-чаралардын тизмеси;

3.            Садака-фитир;

4.            Мечиттердин мамлекеттик каттоодон өтүшү;

5.            Кайрымдуулук иш-чаралары боюнча маалымат;

6.            Инвентаризация  

7.            2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасынын КМДБга тиешелүү пункттарын жүзөгө ашышы.

Аталган пунктун ар бирине казылар токтолуп, КМДБнын кызматкерлери тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.

«Дин кызматкерлери шайлоонун үгүт иштерине аралашпоосу керек жана коомчулукту тынчтыкка, биримдикке чакырып, конфессиялар аралык алаканы бекемдейли»,-деди Азирети Муфтий.

Жыйынтыгында Азирети Муфтий, КМДБнын бөлүм башчылары казыларга жасаган ишмердүүлүгү тууралуу суроолорун жана өз сунуштарын беришип,  2022-жылга карата КМДБ тарабынан сунушталган иш-чаралардын мерчеми талкууланып, бир катар тапшырмалар берилди.