Бишкекте “Азыркы коомдогу ислам дининин баалуулуктарынын орду жана ролу” аталышындагы форум өттү

Бишкекте  Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган “Азыркы коомдогу ислам дининин баалуулуктарынын орду жана ролу” аталышындагы форум өттү.

Форумга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Аида Касымалиева, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын курамындагы облус  казылары, Аалымдар Кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, ошондой эле академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш-чара учурунда мамлекет менен диндин ортосундагы карым-катнашынын негизи болгон светтик принципти бекемдөө, ислам дининин тынчтыкты орнотуудагы ролу, диний билим берүү тажрыйбасы жана багыттары, коомдогу көйгөйлөр жана аны чечүү жолдорун камтыган маселелер талкууланды.

Форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиев, облустардын казылары менен жолугуп, аймактардагы дин кызматкерлерине 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы менен тааныштыруу тапшырмасы берилди.

Иш-чаранын аягында форум учурунда катышуучулар тарабынан көтөрүлгөн маанилүү маселелердин жыйынтыгы менен атайын резолюция кабыл алынды.