Өзбекстанда “Мир Араб медресесинин түзүлгөндүгүнүн 500 жылдыгына арналган” Эл аралык конференция өттү

Өзбекстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Дин иштери боюнча комитети, Бухара облустук администрациясы, Имам Бухари эл аралык илимий борбору, Имам Термези атындагы эл аралык илимий изилдөө борбору, Өзбекстандагы Ислам цивилизациясы борбору, Өзбекстандын Эл аралык Ислам академиясы менен биргеликте  “Мир Араб медресесинин түзүлгөндүгүнүн 500 жылдыгына арналган” Эл аралык конференция уюштурду.

Конференцияга Россия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандан келген 50гө жакын белгилүү ислам аалымдары, илимий борборлордун жетекчилери жана диний чөйрөнүн өкүлдөрү (Мир Араб медресесинин бүтүрүүчүлөрү) катышты.

Саамалык алкагында Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин саламын жолдоп, “Мир Араб” медресесинин түзүлгөндүгүнүн 500 жылдыгы менен куттуктады.

“Мир Араб медресесинен дүйнөнүн  ар тарабындагы аалымдар билим алышкандай эле кыргыз элинен чыккан азаматтар дагы диний билимин алышып, элибизге ислам дининин баалуулуктарын үйрөтүштү. Билим алгандардын сап башында тунгуч Азирети Муфтийибиз Кимсанбай ажы Абдырахманов туруп, аталган окуу жайдын жетекчиси болууга жетишкен. Андан кийин молдо Ашур, молдо Сабыр аттуу аалымдарыбыз эмгектенишкен. Мир Араб медресеси тарыхыбызга динибиздин асыл баалуулуктарын жеткирүүсү менен өзүнүн салымын кошуп келет”,-деди Жоробай ажы.