Ош облусунун казысы Токмок шаарынын тургундары менен жолугуп, улуттар аралык биримдик боюнча баяндама жасады

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Токмок шаарындагы «Нур-Ислам» мечитинде жума баянын өтүп, шаар тургундары менен жолукту. Облус казысы  улуттар аралык биримдик боюнча баяндама жасап, жалпы жамаатты ынтымакка чакырды.

«Ыйык Куранда Алла Таала «… бири-бириңерди таанып-билишиңер үчүн урууларга жана элдерге бөлүп койдук. Алланын алдында силердин эң сыйлууңар – такыбараагыңар», – деген. Эч ким башка улуттагы момунду басынтпашы керек. Куранда, «ыймандуулар – бир тууган»,- деп сыпатталган. Демек, динибизде чектен чыккан уруучулук жана аша чапкан улутчулдук туура эмес. Бул боюнча хадистерде да айтылган», – деди Сайдамир ажы Жейналиев.

Облус казысы Кудай ыроологон ынтымак, биримдик жана бир туугандык нээматтарынын артыкчылыктарына токтолуп, алардын пайдалары боюнча сөз кылды.