КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов «Апиза Эне» ислам институтун текшерип, окуу процесси менен таанышты

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Апиза Эне» ислам институтун текшерди. Текшерүү КРнын Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын диний билим берүүнүн сапатын жакшыртуу талаптарын ишке ашыруу планынын алкагында өтүп,  Аалымдар Кеңешинин окуу жайлар жана мечит иштери боюнча комитетинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков менен бирге Ош облусунун аймагында жайгашкан КМДБнын карамагындагы диний окуу жайлар текшерле тургандыгын билдирди.

«Медресе, институттардагы студенттер Абу Ханифанын «Фикхул-Акбарын», Матуридинин «Китабут-Тавхидин», Байдавинин «Таваилул-Анварын», Тирмизинин «Сунанын» жана башка классикалык эмгектерди эркин окуп, түшүнүшү зарыл. Сиздердин институттун потенциалы абдан чоң. Бул жерден аалымдардын чыгышы шарт. Илим жана маданият ушул чөлкөмдөн кайрадан жаралышы керек», – деди Равшан ажы Эратов.

Ал ошондой эле аталган институтта мезгилдүү имамдар үчүн атайын курстарды уюштуруу сунушун берди. Институттун ректору Абдирашит ажы Батыров окуу жайдын потенциалын максималдуу колдонуу ниети бар экендигин билдирди.

«Бул жерде студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Окуу гана керек. Буюрса кыска убакытта натыйжа көрсөтөбүз деген ишенимдебиз», – деди ал.

Эскерте кетсек, текшерүү комиссиясы тарабынан институттун материалдык-техникалык базасына жана документтерине жогорку баа берилди.