Муфтият жана Аалымдар Кеңешинин окуу жайлар жана мечит иштери боюнча комитети Ош облусундагы диний окуу жайлардын абалы менен жеринде таанышууда

КРнын Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын диний билим берүүнүн сапатын жакшыртуу талаптарын ишке ашыруу планынын алкагында Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмү Аалымдар Кеңешинин окуу жайлар жана мечит иштери боюнча комитети менен бирге Ош облусунун аймагында жайгашкан КМДБнын карамагындагы диний окуу жайлардан кабар алууда.

Текшерүү иши  муфтият тарабынан бекитилген бирдиктүү окуу программанын ишке ашуусу, ошондой эле окуу жайлардын материалдык-техникалык абалын, кышка карата даярдыгын текшерүү максатында жүргүзүлүүдө.

 «Биздин негизги максатыбыз диний окуу жайлардын абалы менен жеринде таанышуу жана муфтият тарабынан бекитилген бирдиктүү программанын аткарылышын көзөмөлдөө болуп саналат. Ошондой эле бири-бирибизди колдоо, кемчилик болсо оңдоо, көйгөйлөрдү бирге чечүү, окутуу аркылуу жакшы натыйжаларга жетүү деп айтсак болот. Мамлекет диний окуу жайларыбыздын билим берүү программаларынын мазмунуна укуктук маданияттын, жарандык иденттүүлүктүн, диний түрдүүлүктүн жана принциптүүлүктүн негиздерин, светтик жана диний баалуулуктарды киргизүүнү колдойт, – деди Равшан ажы. 

Ал диний билим берүү мекемелеринде Ханафий мазхабы жана Матуридилик ишенимин тереңдетип окутуу менен жалпы билим берүүчү сабактардын окутулуусу учурдун талабы экенин билдирди.

«Текшерүүнүн негизги максаты диний окуу жайлардын абалдарын жеринде көрүп, диний билим берүүчү окуу жайлар үчүн окуу пландарын жана зарыл болгон иш пландарын даярдап берип, көзөмөлдөө аркылуу келечекте илим-билими терең, адеп-ахлагы жогору, коом менен жуурулуша алган, алардын көйгөйүн уккан жана чече алган жөндөмдүү кадрларды даярдоо, – деди ал.

Бектилген комиссия бир нече медресе, институт жана диний окуу борборлордон кабар алып, окуу процесси менен таанышуусун улантууда. Анын алкагында окуу программалары, класстык журналдары, окуу жадыбалы, китепкана жана ашканалар текшерилүүдө.

Комиссия мүчөсү, Ош облустук казыяттын үгүт-насаат жана мечиттер адиси, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков медреселердеги окутуунун мурдагыга караганда бир топ жакшырганын белгиледи.

«Диний окуу жайларда сапаттык жактан өсүш бар. 2014-жылкы абалга караганда өтө жакшы. Өнүгүү ушул темп менен кетиши керек», – деди ал.   

Ал эми «Абдыжапар» ислам институтунун ректору Нурбек кары Орунбаев сапаттуу диний билим берүүгө бардык аракеттер жумшала  тургандыгын жана буга өзү жетектеген институттун дарамети жетээрин билдирди.

Эскерте кетсек, Ош облусунда 30га чукул медресе жана институт, ошондой эле 10дон ашуун диний окуу борбору бар.