Катраң айылында сүннөт тойдун алкагында Куран жарышы уюштурулду

Бүгүн, 14-ноябрда алыскы Лейлек районуна караштуу Катраң айылында балдар арасында Куран жарышы өтүп, жаштар жарым жана бир пара Куран окуу боюнча өз күчтөрүн сынашты.

Саамалык сүннөт тойдун алкагында уюштурулуп, ага  айыл тургуну Козубаев Абдуразак демөөрчүлүк кылган.

«Куран жарышы Козубаев Абдуразактын уулунун сүннөт тоюнун алкагында уюштурулуп, айыл тургундарына кубаныч тартууланды»,-деди айыл имамы Махамадали Мукарамов.

Сынактын жыйынтыгында:

Бир пара боюнча;

Биринчи орунга 8000 сом

Экинчи орунга 6000 сом

Үчүнчү орунга 4000 сом байге берилди.

Жарым пара боюнча;

Биринчи орунга 7000 сом

Экинчи орунга 5000 сом

Үчүнчү орунга 2000 сом байге берилди.

Мындан сырткары ар бир катышуучуга кызыктыруучу белек-бечкектер да берилген.

Муну менен катар саамалыкка айыл имамдары Айип Шайдуллаев, Абдусаттар  Жакыпов, Абдусамад Мансуров,  Авазбек уулу Нурлан, Уланбек уулу Ибрагим карылар    катышып, ислам дининин баалуулуктарын айтып беришти.