Чолпон-Ата шаардык хатибияты демөөрчүлөр менен биргеликте “Заман шамы” Куран жаттатуу медресесине 117 910 сомдук жардам көрсөттү

Чолпон-Ата шаардык хатибияты  Бишкек шаарынындагы “Заман шамы” Куран жаттатуу медресесин зыярат кылып, аларга жардам көрсөттү.

 “Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөнгөн жана аны башкаларга үйрөткөндөр” (Сахих Бухари, VI/108).  Куран жаттоо Жараткандын берген чоң белеги. Силер мекенибиздин эртеңки келечегисиңер. Илим-билим менен өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошкон жаштарыбыздан болот деген ишенимибиз чоң”,-деди баш имам хатиб Абдыразак ажы Балтабаев.

Ал эми “Заман шамы” Куран жаттатуу медресесинин эмгек жамааты Чолпон-Ата шаардык хатибиятына ыраазычылык билдиришип, бул балдар үчүн чоң белек экендигин айтышты.

“Жардам спортчулар, жеке ишкерлер тарабынан чогултулуп, анын  жалпы суммасы 117  910 сомду түздү. Буюрса мындай жардамдарды билим жолундагы инсандар үчүн жумоо сооптуу иш”,-деди баш имам хатиб.