Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев калаадагы дин кызматкерлерин шайлоонун үгүт иштерине аралашпоону эскертти

Бишкек шаарынын  мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев  Төкөлдөш конушундагы борбордук мечитте ордо калаадагы жалпы имамдарга  жыйын  өткөрүп, анда  шайлоонун үгүт иштерине аралашпоо, мечит, медреселерге тиешелүү мүлктөрдү тез аранын ичинде каттоодон өткөрүү, Ханафий мазхабы жана Матуридий акыйдасы боюнча билим денгээлди жогорулатуу жана дин кызматкерлеринин  ортосундагы тажрыйба алмашууну бекемдөө жаатындагы бир катар маселелер каралды.

«Күн өткөн сайын шайлоо жакындап жатат. Биз диний кызматкер болгондуктан саясатка кийлигише албайбыз. Мамлекеттин жараны катары өзүбүз жактырып, ишенген талапкерлерге жана партияга добуш берсек болот. Бирок, расмий диний кызматкерлер үгүт иштерине катыша алышпайт. Саясий топтордун куралына айланып, үгүт иштерин жүргүзбөшү керек. Бул тууралуу муфтияттан атайын буйрук бар», — деди шаар казысы Самидин кары Атабаев.