КИУнун ага окутуучусу Шермухаммед ажы Ташматов Ош шаарындагы диний окуу жайлардын студенттери үчүн «Аллахка шүгүр келтирүү» темасында баяндама жасады

Кыргызстан ислам университетинин ага окутуучусу Шермухаммед ажы Ташматов Ош шаарына жасаган расмий иш сапарынын алкагында шаардагы диний окуу жайлардын студенттери менен жоолугуп, «Аллахка шүгүр келтирүү» темасында баяндама жасады. 

«Адам баласы ийгиликке жетүү үчүн өзүндө бар мүмкүнчүлүктөргө шүгүр келтирүүсү, инсандарга жакшы мамиле жасоосу, айлана чөйрөсүн жакшы инсандар менен толтуруусу, алдыга максат коюусу жана китеп окуусу керек»,- деди Шермухаммед ажы Ташматов.