Азирети Муфтий Замир кары Ракиев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев баштаган чоң делегациянын Өзбекстан мамлекетине жасаган сапары башталды

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев баштаган чоң делегациянын Өзбекстан мамлекетине жасаган сапары башталып, дин аалымдарын Өзбекстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Хамиджан ажы Эшматбеков, Анжиян облусунун казысы Мырзамаксым ажы Алимов баштаган дин кызматкерлери тосуп алышты.

Жолугушууда Өзбекстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары баш Муфтий Нуруддин ажы Халыкназаровдун саламын жолдоп, тараптар кызматташууну, эки мамлекеттин ортосундагы ынтымакты, достук мамилени жана дин башкармалыктар ортосундагы алаканы мындан дагы бекемдөөнү сүйлөшүштү.