Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган делегация Анжиян облусундагы башкы жума мечитти зыярат кылышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев баштаган чоң делегация Өзбекстан мамлекетинин Анжиян облусундагы  башкы жума мечитти зыярат кылышты.

Анжиян облусунун казысы Мырзамаксым ажы Алимов эски  биринчи мечит 1870-жылы курулгандыгын айтып, учурдагы мечиттин курулушу 2018-жылы башталып, ушул жылдын май айында аяктагандыгын билдирди.

“Жаңы имарат эски стилде «төрт дарбаза» менен курулган. Эки тарабында 54 метр бийиктиктеги мунаралар тургузулуп, негизги залдын таажысы 18 метрлик диаметрдеги купол менен капталган. Буга чейин мечит 5 миң кишиге ылайыкташкан болсо, эми мечитке 15 миңден ашык адам ибадат кыла алат”,-деди ал.

Ал эми Өзбекстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Хамиджан ажы Эшматбеков мечит өлкө башчысынын катышуусунда ачылгандыгын айтып, жарандар үчүн бардык шарттар каралгандыгын билдирди.

Зыярат учурунда мечитте ыйык Куран окулуп, эки бир тууган элдин ынтымагынын бекемделишине, дин башкармалыктар ортосундагы алакалардын жакшырышына жана ааламда тынчтык болуусу үчүн дуба кылынды.