Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Наманган облусунун баш имам хатиби Абдулхай ажы Турсунов менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев баштаган делегация Наманган облусунун баш имам хатиби Абдулхай ажы Турсунов менен жолугушту. Тараптар кызматташуу жана өз ара ынтымакты бекемдөөнү сүйлөшүштү.

“Эки элдин ынтымагы түбөлүктүү бекем болсун. Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен Өзбекстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын мындан аркы байланышы абдан жакын болот. Себеби, тажрыйба алмашуу жаатында көптөгөн пландарыбыз бар”,-деди Азирети Муфтий Замир кары Ракиев.

Андан соң делегация Наманган шаарындагы “Юсуфхан огли Касимхан» жаңы инновациялык мечитин зыярат кылышты.  

 “Адаттагыдан тыш долбоордун негизинде курулган бул мечит бир убакта 15 000 кишини батыра алат. Бул облустагы 189чу мечит, анда намаз окугандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн”, — дейт Абдулхай ажы Турсунов.

Эки тараптуу жолугушууга Өзбекстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Хамиджан ажы Эшматбеков жана Дин Башкармалыктын эмгек жамааты катышты.