Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган делегация Ташкентке келип, шаардын баш имам хатиби Сайид Рахматулла ажы Термизи менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев баштаган делегация Ташкен шаарына иш сапары келишти. Делегацияны Ташкент шаарынын баш имам хатиби Сайид Рахматулла ажы Термизи тосуп алды.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Ташкент шаарынын баш имам хатибинин жаны дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады.

 “Дин Башкармалыктар ортосундагы жылуу мамиленин түзүлүшү эки мамлекетке тең пайдалуу экендиги талашсыз. Имам Бухари, Имам Тирмизи, Имам Матуриди жана Имам Насафи, Бурханиддин Маргинани, Абу Лайс Самарканди сыяктуу улуу хадис аалымдарынын зыярат кылуу сыймыктануу. Эки бир тууган мамлекеттин дини, салты бир. Эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоо, Дин Башкармалыктагы ар бир тармакты өнүктүрүүдө маанилуу ролду ойнойт. Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди Өзбекстан Республикасынын Президенти болуп кайра шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Өзбекстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төрагасы, Азирети Муфтий Нуруддин ажы Халыкназаровду жана Ташкент шаарынын баш имамы Сайид Рахматулла ажы Термизини жаңы кызматтарга шайланышы менен кыргыз элинин жана КМДБнын атынан куттуктайм”,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар Азирети Муфтий Өзбекстандагы дин аалымдары менен  жолугуп, алар менен пикир алмашуу чоң кубаныч экендигин билдирип,  ыкластуу мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан соң бешим намазын Ташкент шаарындагы эң кооз мечиттердин бири болгон Минор мечитинде окушуп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин мындан ары өнүгүүсү, достук алакалардын бекемделишин Жараткан Алла Тааладан сурап дуба кылышты.