Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Өзбекстандын Азирети Муфтийи менен жолугушуп, кызматташууну сүйлөштү

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Өзбекстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Нуруддин ажы Халыкназаров менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда эки бир тууган элдин ынтымагын бекемдөө, мамлекеттер ортосундагы достук алакаларды чыңдоо жана Дин Башкармалыктар ортосундагы тажрыйба алмашуу, дин кызматкерлеринин билимин өркүндөтүү боюнча пикир алышты.

«Биздин негизги максатыбыз эки бир тууган элдин достугун, Дин Башкармалыктар ортосундагы алаканы чыңдоо жана тажрыйба алмашуу. Дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу менен билим берүү жаатын өркүндөтүү»,-деди Азирети Муфтий Замир кары Ракиев.

Муну менен катар тараптар салттуу ислам дининин асыл баалуулуктарын коомчулукка биргеликте жеткирүүнү сүйлөшүштү.

Ал эми Өзбекстан Республикасынын Азирети Муфтийи Нуруддин ажы Халыкназаров ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Өзбекстан мусулмандарынын Азирети Муфтийин жаз айларында Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.