Дин аалымдарынан турган делегация Имам Бухарий атындагы Ташкент ислам институтуна барып, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышышты

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган делегация Имам Бухарий атындагы  Ташкент ислам институтуна барып, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышышты.

Окуу жайдын жетекчилиги эки тараптуу кызматташууга Имам Бухарий атындагы  Ташкент ислам институту даяр экендигин билдирип, балдар үчүн бардык шарттар каралгандыгын баса белгиледи.

“Бүгүнкү күндө Ташкент ислам институтунун  бүтүрүүчүлөрү диний мекемелерде гана эмес, светтик мекемелерде да иштешет. Институттун билим берүү программасы Дин иштери боюнча комитет жана Жогорку билим берүү министрлиги менен макулдашылган. Бүтүрүүчүлөр университетти аяктагандан кийин мамлекеттик магистрдин дипломдорун алышат”,-деди окуу жайдын жетекчилиги.

Муну менен катар ислам институттун жетекчилиги  окуу жайда 5 кафедра бар экендигин айтып, бир кездерде Кыргызстандык аалымдар дагы билим алышкандыгын айтып өттү.

“Мен дагы дал ушул окуу жайдан билим алгам. Андыктан илим алууда талыкпай эмгектенүү керек”,-деди КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов окуучуларга айткан каалоо-тилегинде.

Андан соң дин аалымдары окуу жайда билим алып жаткан студенттерге өздөрүнүн насааттарын айтышып, окууларына ийгилик каалашты.

Имам аль-Бухари атындагы Ислам институту 1971-жылы көрүнүктүү дин аалымы шейх Зиюддинхан ибн Эшон Бабахан тарабынан негизделген. Кыйынчылыктарга карабай, Ислам дини изилденген СССР институтунда биринчи институттун ачылышына жетишкен. Институттун имараты көпчүлүк диний эстеликтер сыяктуу эле революция учурунда талкаланган Намазгох мечитинин ордуна курулган (19-кылымдын аягы). Бул жерге Ислам институтун ачуу чечими кабыл алынгандан кийин имарат калыбына келтирилген. Ал эми Ислам институтунун азыркы көрүнүшү 1997-жылы ал жайгашкан Хаст-Имам комплексинин кезектеги капиталдык реконструкциясынан кийин болгон.