Кыргызстандык дин аалымдарын Самарканддын бийлик өкүлдөрү, облустун баш имам хатиби жана Самарканд темир жол вокзалынын жетекчилери тосуп алышты

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган делегацияны Самарканд облусунун губернаторунун орун басары Д.Мамадкулов, облустун баш имам хатиби Зайниддин ажы Эшанкулов жана Самарканд темир жол вокзалынын жетекчилери тосуп алышты.

Андан соң тараптар  Самарканддагы тарыхий эстеликтер жана Самарканддан өсүп чыккан улуу окумуштуулар тууралуу пикир алышты.