Дин аалымдары Самарканд шаарындагы ислам дүйнөсүнүн ыйык ибадат жайларынын бири – Имам аль-Бухари комплексине барып, Куран окушту

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган делегация бүгүн, 20-ноябрь күнү  Самарканд шаарындагы  ислам дүйнөсүнүн ыйык ибадат жайларынын бири – Имам аль-Бухари комплексине барып, Куран окуду. 

Андан соң делегаттар Имам аль-Бухари комплексинде жүрүп жаткан оңдоо иштери менен таанышып чыгышты.

“Бул жерге 8 миң орундуу чоң мечит жана комплекстин айланасына 4 бийик мунара курулат. Террасаларга элибиздин каада-салтына ылайык кошумча ички жана тышкы террасалар курулмакчы. Жергиликтүү жана чет элдик зыяратчыларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында эл аралык стандарттарга толук жооп берген заманбап мейманканалар, турмуш-тиричилик кызматтары, санитардык-гигиеналык пункттар каралган», — деди  Самарканд облустун баш имам хатиби Зайниддин ажы Эшанкулов.

 Муну менен катар облустун баш имам хатиби курулуш жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшүндө бир нече жүз жылдан бери өсүп келе жаткан тарыхый булакка жана чынарларга эч кандай зыян келтирилбей тургандыгын маалымдап, алардын сырткы көрүнүшүн сактап калуу үчүн бардык тийиштүү аракеттер көрүлүп жаткандыгын билдирди.