Дин аалымдары Самарканддагы Эл аралык ислам академиясын зыярат кылышып, окуу жайдын ишимердүүлүгү менен таанышышты

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган делегация Самарканддагы  Эл аралык ислам академиясын зыярат кылышып, окуу жайдын ишимердүүлүгү менен таанышышты.

Окуу жайдын жетекчилиги маалымдагандай окуу мөөнөтү 5 жыл жана «Хадис таануу, дин таануу жана араб тили мугалими» адистиги боюнча жогорку квалификациялуу дипломдорду тапшырышат.

“Хадис академиясынын имараты Самарканд облусундагы Имам Бухари комплексинин жанына курулуп, университетте жалпы, чет элдик жана атайын илимдерди тереңдетип үйрөнүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Тактап айтканда, окуу жайда заманбап жабдуулар менен жабдылган окуу кабинеттери, китепкана, жабык спорт зал жана бассейн, жатакана жана ислам илиминин өнүгүүсүндө орду бар улуу бабаларыбыз үчүн ыңгайлуу ашкана курулган”,-деди академиянын жетекчилиги.

Андан соң, дин аалымдары Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун күмбөзүн зыярат кылышып, Куран окушту. Муну менен катар делегаттар Кусам Ибн Аббас комплексине жана бир топ тарыхий жайларды зыярат кылышты.