Дин аалымдары Бухарадагы 500 жылдык тарыхы бар Мир-Араб медресесинин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышышты

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган делегация Бухарадагы 500 жылдык тарыхы бар Мир-Араб медресесинин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышышты.

Диний окуу жайдын жетекчилиги маалымдагандай Мир-Араб медресеси – Бухара шаарындагы 16-кылымдагы ислам билим берүү, руханий-агартуу жана мемориалдык-диний имарат. 1993-жылы Бухаранын башка кооз жерлери менен бирге Өзбекстандагы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Мир-Араб медресесинин курулушу (1535-1536) алгачкы шейбаниддердин руханий насаатчысы, Мир-и Араб деген ат менен белгилүү болгон шейх Абдалла Яманиге (Йеменден) таандык. 16-кылымда Мир-Араб медресесинин курулушу геометриялык, өсүмдүк жана каллиграфиялык жазуулар жана оймо-чиймелер менен кооздолгон түрдүү таш мозаика басымдуулук кылат.

Учурда окуу жайда студенттер үчүн абдан мыкты шарттар каралган.