Ош облусунда «Илимдүүнү ийгилик издейт» конкурсу боюнча маалымат берилүүдө

Кыргызстан ислам университетинин уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы, КИУнун ага окутуучу Шермухаммед ажы Ташматов «Илимдүүнү ийгилик издейт» аттуу китеп окуу конкурсунун алкагында Ош облусуна келип, жер-жерлерде конкурстун шарттарын түшүндүрүүдө. Ошондой  эле облустун аймагындагы диний окуу жайларга барып, студенттерди илим алууга шыктандырууда.

«Окуган озот деген жакшы сөз бар. Силер бул жерге парз болгон дин илимин алуу үчүн келдиңер. Ата-энеңер зор ишеним менен ушул жерге жөнөткөн. Аталардын ишенимин, энелердин ак сүтүн актаганга бардык күч-аракетиңерди жумшашыңар зарыл», – деди Шермухаммед ажы Ташматов.  

Ташматов жакшы дос күтүүгө чакырып, Абу Муса аль-Ашари (р.а) рабаят кылган хадисти мисал келтирди.

«Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Жакшы дос менен жаман дос; миск ташыган адам менен чок үйлөгөн адам сыяктуу. Жыпар жыт ташыган адам сага миск белек кылат же ошону (мискти) сатып аласың же болбосо андан жыпар жыт сезесиң (жугат). Ал эми чокту үйлөгөн адам кийимиңди күйгүзөт же болбосо андан жаман жыт сезесиң (жугат), – деген. Демек, айлана-чөйрөңөргө жакшы адамдарды топтоого аракет кылгыла. «Досуңду көрсөт, сенин ким экениңди айтып берем» деген жакшы сөз бар. Эгерде досторуң илимдүү, акылдуу, мыкты адамдар болсо, анда сен да жакшысың. Тескерисинче болсо, анда начарсың деген сөз келип чыгат. «Акыл оошот, ырыс жугушат» деп бекеринен айтылбаса керек», – деди ал.

Шермухаммед ажы иш сапарынын алкагында Чубак ажы Жалилов атындагы китепкананы зыярат кылып, китеп белек кылды.

Эскерте кетсек, КМДБ жана КИУ тарабынан уюштурулуп жаткан «Илимдүүнү ийгилик издейт» аттуу республикалык китеп окуу конкурсу 11-декабрь күнү өтөт.