Муфтият Аалымдар Кеңеши менен биргеликте Ош шаарындагы диний окуу жайларды текшерүүдөн өткөрдү

КР Диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын диний билим берүүнү сапатын жакшыртуу талаптарын ишке ашыруу планын алкагында Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмү, Аалымдар Кеңешинин окуу жайлар жана мечит иштери боюнча комитети менен биргеликте өлкө аймагындагы диний окуу жайларды текшерип, алардын ал-абалдары менен жеринде таанышууда. 

Текшерүү комиссиясы Ош шаарындагы  «Умму Мухаммад», «Сайида Хадича» «Козу кызы Бурмакан»,  «Сулайман-Тоо» жана «Хадича аль-Кубро» диний окуу жайларынын ал-абалы менен жеринде таанышып, окуу программалары, класстык журналдары, окуу жадыбалын, китепкана жана ашканаларын текшерүү менен диний окуу жайлардын окуу сапатына, техникалык абалына баа беришүүдө. 

«Концепсия жарандардын диний билим алуусуна мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында мамлекет өлкөнүн маданий баалуулуктарын жана тарыхый басып өткөн жолун эске алуу менен адамдын укуктарын жана эркиндиктерин кемсинтпей турган диний билим берүү системасын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтөт. Диний окуу жайларынын угуучуларын заманбап коомдук процесстерге интеграциялоо жана алардын обочолонуусун алдын алуу зарылдыгын эске алуу менен мамлекеттик органдар диний билим берүү мекемелеринин окуу программаларына керектүү жалпы билим берүүчү сабактарды киргизүүгө да көмөктөшөт жана окуу-методикалык колдоо көрсөтүшөт»,-деди Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдиваси ажы Матраимов. 

Ал эми КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов мамлекет диний окуу жайларынын билим берүү программаларынын мазмунуна укуктук маданияттын, жарандык иденттүүлүгүн, диний түрдүүлүктүн жана диний сабырдуулуктун негиздерин, жашоонун светтик жана диний бейнелеринин шайкеш эриш-аркак болушунун баалуулуктарын киргизүүнү кубаттай тургандыгын билдирди. 

«Текшерүүнүн башкы максаты КР Диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын диний билим берүүнү сапатын жакшыртуу талаптарын ишке ашыруу планын алкагында өлкө аймагындагы диний окуу жайлардын абалдарын жеринде көрүп, диний билим берүүчү окуу жайлар үчүн окуу пландарын жана зарыл болгон иш пландарын даярдап берип, көзөмөлдөө аркылуу келечектеги билими терең, адеби жогору, коом менен жуурулуша алган, алардын көйгөйүн түшүнүү менен жөндөмдүү кадрларды даярдоо»,-деди КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.

Муну менен катар Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдиваси ажы Матраимов диний билим берүү мекемелеринин окуу программаларына керектүү жалпы билим берүүчү сабактарды киргизүүнү сунуштады.