Ош облусундагы диний окуу жайлардын көпчүлүгү текшерүүдөн өттү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмү жана Аалымдар Кеңешинин окуу жайлар жана мечит иштери боюнча комитети Ош облусунун аймагында жайгашкан КМДБнын карамагындагы диний окуу жайларды текшерүү жана мониторинг жүргүзүүнү жыйынтыктады. Текшерүүгө аталган комитеттин төрагасы Абдиваси ажы Матраимов, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, Ош облустук казыяттын үгүт-насаат жана мечиттер адиси, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбековдор катышты.

Абдиваси ажы жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде маалымат берип, буларга токтолду: «Негизинен муфтият тарабынан бекитилген бирдиктүү программанын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Облустагы кээ бир диний окуу жайлардын материалдык-техникалык абалы өтө жакшы болсо, айрымдарында шартын жакыртуу керек. Эң негизги ресурс адам болгондон кийин диний окуу жайлардагы окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлүшү керек. Талапка жооп бербеген жана бирдиктүү программаны жеткиликтүү деңгээлде ишке ашыра албаган диний окуу жайлардын жетекчилерине эскертүүлөр берилди».

Ал эми Равшан ажы Эратов диний билим берүү мекемелеринде окуп жаткан студенттердин билим деңгээлин аныктоо үчүн акыйда, фикх боюнча жазуу түрүндө сурамжылоо уюштурулганын билдирди.

Мониторинг жүргүзүүнүн алкагында диний окуу жайлардагы окуу программалары, класстык журналдары, окуу жадыбалы, китепкана, ашканалар жана кышка карата даярдыгы текшерүүдөн өттү.

Эскерте кетсек, текшерүү КРнын Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын диний билим берүүнүн сапатын жакшыртуу талаптарын ишке ашыруу планынын алкагында жүргүзүлдү жана бул процедура ар квартал сайын уюштурулмакчы.