Казакстан менен Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийлери жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты

Казакстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийи Наурызбай ажы Таган уулу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары  Ракиев менен жолугушту. Жолугушууда боордош эки элдин диний байланышын бекемдөөнүн  маанилүүлүгү талкууланды.

“Аллах Таала эки өлкөнүн ортосундагы байланышты бекем кылып, эгемендүүлүгүбүз түбөлүктүү болсун. Биздин чакыруубузду кабыл алып, эл аралык конференцияга келгениңиз үчүн сизге терең ыраазычылыгымды билдирем”,-деди Казакстан мусулмандарынын  Азирети муфтийи.

Ал эми  Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замыр кары Ракиев Наурызбай ажы Таган уулунун  ишине ийгилик каалап, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы эки тараптуу кызматташууну мындан дагы жакшырта тургандыгын айтып өттү.

Эскерте кетсек, учурда Нур-Султан шаарында Казакстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата “Эгемендүү Казакстан жана ислам баалуулуктары” аттуу эл аралык конференция өтүп, ага Азирети Муфтийлер жана элчилер катышууда.