Нур-Султан шаарында “Толук адам” илимий-теологиялык талдоо жана “Ихсан – руханий тарбиянын негизи” аттуу китептердин бет ачары болуп өттү

Нур-Султан шаарында Казакстан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда Казакстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин жетекчилиги менен “Толук адам” илимий-теологиялык талдоо жана “Ихсан – руханий тарбиянын негизи” аттуу китептердин бет ачары болуп өттү.

Саамалыкка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Өзбекстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Нуруддин ажы Халыкназаров жана интеллигенция өкүлдөрү катышты.

«Сиздердин колуңуздардагы китепте адам жөнүндөгү уламыштар менен нукура динибиз, ошондой эле улуу ойчулдардын эмгектериндеги ой-пикирлер, түшүнүктөр кыскача баяндалган»,-деди Наурызбай ажы Таган уулу.


Китеп үч бөлүмдөн туруп, дин кызматкерлерине, теологдорго, студенттерге жана диний окуу жайлардын магистранттарына, ошондой эле жалпы коомчулукка арналган.