![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2021/11/DSC7296.jpg)
Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев бүгүн, 28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берди.
Азирети Муфтий жарандык милдетин Ысык-Ата районундагы №7147 шайлоо участкасында аткарды.
Добуш берип чыккандан кийин Азирети Муфтий шайлоонун тынч өтүүсүнө тилектештигин билдирип, элибизге амандык, биримдүүлүк жана ынтымак каалады.