Шейх Ахмад аль-Шариф Баткен облустук мусулмандарынын казыятын зыярат кылды

Египеттеги Аль-Азхар университетинен келген белгилүү дин аалымы шейх Ахмад аль-Шариф жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев Баткен облустук мусулмандарынын казыятын зыярат кылышты.

МеймандардыБаткен облусунун казысы Нурдин ажы Мамасабиров жана казыят кызматкерлери тосуп алышты.

Шейх Ахмад аль-Шариф алгач Баткен облустук казыятынын эмгек жамааты жана казыяттын ишмердүүлүгү  менен таанышып, андан соң Муьаз ибни Жабал  медресесиндеги студенттерге баяндама жасап, билимдүү болууга чакырды.  Муну менен катар Аль-Азхар университетинен келген белгилүү дин аалымы  Кара-Бак айылынын борбордук мечитин зыярат кылып, шам намазынан  кийин мырзалар үчүн баяндама жасады.