Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев шейх Ахмад аль-Шариф менен бирге «Апиза эне» институтуна зыярат кылды

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев аль-Азхар университетинин окутуучусу, шейх Ахмад аль-Шариф менен бирге Кара-Суу районунун Борбордук «Исмаил ата» мечитин жана «Апиза эне» институтун зыярат кылды.

Ошону менен бирге эле институттун окуу класстары, уктоочу бөлмөлөрү, тамак даярдоочу ашканасы жана спорт аянтчалары менен таанышты.

Облус казысы Кыргызстанга, анын ичинде Ош облусуна ислам дүйнөсүнө таанымал аалымдардын келишин жакшы көрүнүш экенин белгилеп, буларга токтолду:

«Соңку учурларда кыргыз өлкөсүнө ахли сүннөттүн зор аалымдары келип жатат. Маселен, өткөндө Али Эрбаш баштаган түркиялык аалымдар жамааты келсе, андан көп өтпөй доктор Салах да ардактуу коногубуз болгон. Эми шейх Ахмад аль-Шариф келип отурат. Бул өтө жакшы жөрөлгө. Сунний аалымдарынын Кыргызстанга келиши, биринчи кезекте бизди мусулман эл катары дүйнөгө таанытат. Экинчиден, медресе жана институттарда окуп жаткан талабалар улуу аалымдардан таасирленип, зор мотивация алат».

Зыяраттын алкагында шейх Ахмад медресе мугалимдерине жана талабаларга акыйда боюнча лекция окуду. Сөзүнүн аягында аталган окуу жайдан илимдүү инсандардын чыгышын каалады. Ошондой эле мечит жана институтту кургандарга ыраазычылык билдирүү менен бирге жылуу каалоо-тилектерин айтып, дуба кылды.

Ал эми институттун ректору, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров шейх Ахмадга ыраазычылык билдирип, окуу жайдын атынан белек тапшырды.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 22-26-ноябрына чейин шейх Ахмад аль-Шарифтин Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Ош шаарынын имамдары үчүн окуу курсу өткөрүлүп, катышкандарга сертификаттар ыйгарылды.