Музаффар ажы Турдубаев: Имамдын милдети намазга өтүп коюу менен чектелбейт

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев жалпы имамдарга жыйын өтүп, анда  2021-жылга саресеп салынып, жетишкендиктер жана мүчүлүштүктөр талкууланды.

«Имамчылык деген ардактуу да, түйшүктүү да кесип.  Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) кесиби десек болот. Кээ бир имамдар өз укугун өтө жакшы билгени менен милдеттерин унутуп коюда. Ачык айтыш керек, имамдын милдети намазга өтүп коюу менен чектелбейт. Элдин диний сабаттуулугун көтөрүү же диний агартуу, динди туура нукта жеткирүү, эң негизгиси Куранды үйрөтүү болуп саналат. Мындан сырткары дагы тиешелүү милдеттери бар. Имамдар муфтият, казыят жана хатибияттардан келген буйрук жана тапшырмаларды так аткарышы  керек. Баш ийүү бар жерде биримдик, өсүп-өнүгүү болот»,-деди Музаффар ажы Турдубаев.

Жыйын соңунда мамлекеттин тынчтыгы жана өнүгүүсү үчүн дуба кылынды.