Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев белгилүү дин аалымы шейх Ахмад Махмуд аль-Шариф менен жолугушту

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев белгилүү дин аалымы шейх Ахмад Махмуд аль-Шариф менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда шаар казысы  дин кызматкерлерине өткөн сабактар маанилүү экендигин баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди. 

«Дин кызматкерлери үчүн акыйда илими боюнча сабактар араб тилинде уюштурулганы жана ага атайын акыйда илими боюнча мыкты адис чакырылганы бул диний билимди жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирет»,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Эскерте кетсек, Баткен, Жалал-Абад, Ош облусу жана Ош шаарынын дин кызматкерлери бир жума «Бадьу Аламаали» китебинин алкагында сабакка катышып,  жыйынтыгында айтайын сертификаттар берилди.