Исфанадагы «Абдулло ибни Аббас» ислам институтуна 60 орунду кыздар жатаканасы курулуп, пайдаланууга берилди

Исфана шаарындагы  «Абдулло ибн Аббас» ислам институтуна 60 орунду кыздар жатаканасы курулуп, Азирети Муфтийдин кеңешчиси Абдыманап кары Масалиевдин жана казыят, райондук хатибияттын кызматкерлеринин катышуусунда пайдаланууга берилди.

«Жатакананын курулушу 2021-жылдын май айында башталып, бүгүн пайдаланууга берилүүдө. Курулушка  жакындан колдоо көрсөткөн Лейлек районунун жаштарына жана  Россияда эмгектенип жүргөн мекендештерге ыраазычылык билдиребиз»,-деди облус казысы Нурудин ажы Мамасабиров.

Учурда жатакананын жылуулугун камсыздоо үчүн Исфана жана Сүлүктү шаарынын жаштары 6 тонна көмүр түшүрүп беришкен.

« «Абдулло ибн Аббас» ислам институтунда 112 окуучу билим алууда. Окуу жай «Золотая книга» окуу борборунун жетекчиси Айнура Абдикаримова   менен келишим түзүп, студенттердин билимин тереңдетүүнүн аракеттерин көрүүдө»,-деди облус казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов

Саамалыктын соңунда облус казысы Нурудин ажы Мамасабиров Аалымдар Кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаевдин ардак баракчасы менен сыйланса, курулушка салым кошкондор жана дин кызматкерлери Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин ыраазчылык барактарын алышты.