Талас районундагы Козучак айылында бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясы тарабынан «Имам Азам» атындагы борбордук мечит курулуп, пайдаланууга берилди

Талас облусунун Талас районундагы Козучак айылында бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясы тарабынан «Имам Азам» атындагы борбордук мечит курулуп, бүгүн, 3-ноябрда пайдаланууга берилди. Салтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Тойгонбай Абдыкаров, Райондун акими, Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев, дин аалымдары  жана казыят жамааты, жергиликтүү тургандар катышты.

Мечиттин ачылышынын  алкагында катышуучулар ыймандын очогу болгон Алланын үйү жаштарды адепке, ыйманга, айыл элин ынтымак менен биримдикке чакырууга себепчи болуусуна тилектештиктерин айтышты.

«Мечиттин негизги курулушун бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясы тарабынан салынып, курулушка өз салымын кошуп, демөөрчү болгон Талгат ажы Тажиханов болду. Ал эми мечит салууга Абдукадыр Кашгариев жер тилкесин ажыратып берген. Мечитте жарандар үчүн бардык шарттар каралып, заманбап курулду»,-деди облус казысынын орун басары Өмүрзак ажы Абдысамат уулу.