Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев калаадагы 4 райондун башкы имам хатидерин кабыл алып, дин кызматкерлеринин ишине баа берүүнү талкуулады

Бүгүн, 6-декабрда Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев  калаадагы 4 райондун башкы имам хатидерин кабыл алып, 2021-жылды жыйынтыктоо, дин кызматкерлеринин ишине баа берүү, мыкты имамдарды сыйлоо жаатында кеңешме өткөрдү. Муну менен катар дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу, 2022-жылга карата пландарды даярдоо маселеси дагы каралды.

«Дин кызматкерлеринин иши абдан оор жана жоопкерчиликтүү. Имамдарыбыз эл менен бирге иш алып барып, алардын кызматында болушат. Эң жакшы сыйлык Алла Таала тарабынан берилет, бирок  биз аларга түрткү берип, шыктандырып туруубуз зарыл»,-деди шаар  казысынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев.

Ал эми шаар казысы Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, казыят тарабынан берилген тапшырмаларды өз учурунда аткаруу керектигин айтып, 2022-жылга карата план түзүү тапшырмасын берди.