«Берешен кол» кайрымдуулук коомдук фонду Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы 4 үй-бүлө үчүн курулган ак өргөнүн ачкычтарын тапшырды

«Берешен кол» кайрымдуулук коомдук фонду Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы 4 үй-бүлө үчүн курулган ак өргөнүн ачкычтарын тапшырды

«Берешен кол» кайрымдуулук коомдук фонду Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы 4 үй-бүлө үчүн курулган ак өргөнүн ачкычтарын тапшырды. Саамалыкка Азирети Муфтийдин орун басары Абибила ажы Кадырбердиев, дин аалымы Тариел ажы Абжалбеков, Абдыкалык кары Эшматов, КМДБнын Египеттеги өкүлү Акылбек ажы Тагаев, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, демөөрчүлөргө ыракматтарын айтышты.

Ал эми шаар мэри Имамназар Бурканов «Берешен кол» кайрымдуулук коомдук фондунун эмгек жамаатына жана курулушка салым кошкон азаматтарга ыраазычылыгын билдирди.

«Турак жай «Берешен кол» кайрымдуулук коомдук фондунун демөөрчүлүгү менен курулуп, Баткен районундагы жана Баткен шаары муктаж болгон жашоочуларга берилди»,-деди шаар мэри.

Эскерте кетсек, муктаж үй-бүлөлөр үчүн Баткен шаардык мэриясы тарабынан 7,5 чарчы метр жер бөлүп берилген.